ЕАЭБдин ичинен Кыргызстанда өндүрүштүн эң жогорку көрсөткүчү катталган

5 октября 2020, 14:00

2020-жылдын август айында ЕАЭБ ичинен Кыргызстанда өндүрүш тармагындагы эң жогорку көрсөткүч катталган. Бул тууралуу ЕЭКтин документтеринде айтылат.

Өсүү дароо 12.3% түзгөн. Ошол эле учурда ЕАЭБдин башка мамлекеттеринде орточо көрсөткүч 0.35%, Казакстанда өсүү 0.1%, Белорусияда - 0.6% түзгөн. Россияда жана Арменияда өндүрүш тармагы 4.1% жана 0.5% төмөндөгөнү байкалган.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан ЕАЭБде өндүрүш тармагы 2020-жылдын август айында, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3.5% төмөндөгөн.