ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздардын саны кыскарды

10 ноября 2023, 10:55

ЕАЭБ өлкөлөрүндө сентябрдын аягына карата жумушсуз адамдардын саны 867 миң адамды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,2 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында кабарланды.

Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматында 71 миң адам катталса, Казакстанда 296 миң адам, Россияда 451 миңден ашык адам катталган.

Ал эми Беларусияда болгону 4,5 миң адам расмий түрдө жумушсуз деп катталуу.