ЕАЭБ зер буюмдарга болгон талаптарды кабыл алды

21 января 2021, 09:45

Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясы зер буюмдарга болгон талаптарды, ошондой эле аларды жасоодо мыйзам бузуулардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында маалымдалат.

ЕЭКтин министринин айтымында, бул ювелирдик буюмдардын жалпы рыногун функциалдаштырууга мүмкүндүк түзөт.

«Кабыл алынган документтер ювелирдик продукциянын өз ара соода жүгүртүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул бизнес үчүн башкы кадам, ал эми колдонуучуларга продукцияны сатып алууга коопсуз болот», – деп айтты Гег Варданян.

Кошумчалай кетсек, Россия, Белорусия жана Армения баалуу металлдар жана асыл таштар боюнча келишимди буга чейин ратификациялаган.