Тамак-аш азыктарына болгон баанын саны ЕАЭБ боюнча Кыргызстанда жогору

20 мая 2020, 09:45

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында 2019-жылдын апрель айына салыштырмалуу тамак-аш азыктарына болгон баанын өсүшү Кыргызстанда - 14.4%, Казакстанда - 10.4% жана Белорусияда - 4.7% катталган.

Казакстан жана Белорусия мамлекеттеринде азык-түлүк эмес товарларга болгон баанын 5.5% жана 4.8% эң чоң өсүшү катталган. Акы төлөнүүчү кызматтар Белорусияда - 7.5% жана Казакстанда - 3.5% өсүшү катталган.

Бул мезгил аралыгында ЕАЭБ боюнча товар жана кызматтарга болгон керектөөчу баанын саны 3.8% жогорулаган.