ЕЭК ЕАЭБдин ичинен акча-кредит системасын түзүүнү сунуштайт

27 октября 2020, 09:50

ЕАЭБде улуттук валютада өз ара эсептешүүлөрдү көбөйтүү үчүн акча-кредит тутумун түзүү керек. Бул тууралуу ЕЭК министри Сергей Глазьев билдирди.

Анын айтымында, улуттук валютада өз ара эсептешүүлөрдүн үлүшү аз: биримдиктин ичинде 50%, Кытай менен эсептешүүлөрдүн көлөмү 15% ды түзөт.

«Россия менен Кытай өзүлөрүнүн төлөм системаларын, банктардын ортосунда электрондук маалымат алмашуу тутумун түзүштү, бирок бизнес катышуучулары дагы деле болсо бул инфраструктура элементтерин өтө жайбаракаттык менен колдонуп, дагы деле болсо чет элдик валютада иштеп жатышат», - деп белгиледи Сергей Глазьев. - Кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртүп, өзүбүздүн Евразия валюта-каржы тутумубузду түзүү керек деп эсептейм. Бул тобокелдиктерден камсыздандырып, ишенимдүү, ачык-айкын, ыңгайлуу, эффективдүү жана бизнес катышуучулары үчүн оор болбойт», — деп билдирди министр.