Европа биримдиги Кыргызстандагы шайлоого техникалык жактан колдоо көрсөтөт

10 октября 2020, 11:40

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Чыңгыз Айдарбеков жана Кыргызстандагы Европа биримдигинин өкүлү Эдуард Ауэр менен өлкөдөгү экинчи ирет өтө туруучу парламенттик шацлоого техникалык жактан колдоо көрсөтүү боюнча маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жолугушуу 9-октябрда европа тараптын демилгеси менен уюштурулган

«Эдуард Ауэр Кыргызстандагы акыркы окуяларга өзүнүн тынчысдануусун билдирди. Европа тарап бардык кыргыз саясатчыларын бир аянтчага биригип, маселени Конституциянын негизинде чечүүгө чакырды», — деп билдирди ТИМ.