ЕЭКтин финансы департаментине жаңы директор шайланды

13 октября 2020, 11:50

12-октябрда Алексей Афанасьев Евразия экономикалык комиссиянын финансы департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭК басма сөз кызматы билдирди.

Комиссия белгилеп кеткендей, Алексей Афанасьев 2012-2014-жылдары Белорусиянын Минск боюнча финансы министрлигинин башкармалыгында иштеген.

2014-2020-жылдары Минск шаардык аткаруу комитетинин финансы ашкармалыгынын башкы директору болуп эмгектенген.