Египетте эс алуучу жайлар 15-майдан тарта иштей баштайт

6 мая 2020, 11:40

15-майдан тарта Египет ички туризм үчүн мейманкана, курорт ж.б. эс алуучу жайлардын ишмердүүлүгүн баштоого уруксат берет. Бул тууралуу ТАСС порталы билдирди.

«Туристтик сектордун жанданышы үчүн өкмөт пандемияга байланыштуу коюлган чектөөлөрдү акырындан ала баштайт. Өлкө ичиндеги мейманканалар ишин 15-майдан тарта санитардык нормаларды сактоо менен жүргүзө башташат», — деп жазылат маалыматта.

Египеттин туризм министрлиги койгон талапка ылайык, мейманканаларда алгач 25% ашпаган кардарлар болушу шарт. Кйинчерээк июнь айында бул талап 50% жогорулайт.