«Москва» соода-ярмарка компелксинде «Кыргызстан» повильону ачылды

24 февраля 2021, 09:30

21-февралда «Москва» соода-ярмарка компелксинде «Кыргызстан» повильону ачылды.

Маалыматка ылайык, ачылышта инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алманбет Шыкмаматов менен «Москва» соода-ярмарка комплексинин ээси жана «‎Киевская площадь» топ компаниянын жетекчиси Омар Муртузалиев менен эки тараптуу жолугушуу болгон.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз продукциясын Россияга жеткирүү маселелерин талкуулашкан. Муртузалиев билдирип кеткендей, комплекстин аймагында кыргыз экспорттоочулары үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн», — деп билдиришти агенттиктен.

Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.