Экономика министрлиги инфляцияны төмөндөтүүнү көздөөдө

22 января 2024, 14:27

Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук банк менен биргеликте 2024-жылы инфляцияны төмөндөтүү боюнча иштерди улантууну пландоодо. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, инфляция 14%дан 7%га төмөндөдү.

“2024-жылы Улуттук банк менен бирдикте аны болжол менен 5-7% чейин төмөндөтүүнү улантууну пландап жатабыз", - деди ал.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2023-жылдын аягына карата инфляция 7,3%ды түздү, ал эми 2022-жылдын аягында инфляция 14,7%ды түзгөн.