Экономика министрлигинде ишкерлер менен байланыш түзүү бөлүмү ачылды

23 ноября 2020, 17:25

Экономика министрлигинде ишкерлер менен байланышуу үчүн атайын жооптуу кызматкер дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, бул кызматка Акылай Кожомбердиева дайындалган. Ал экономика министрлигинин жооптуу кызматкери катары ишкерлер менен иш алып баруучу бөлүмдү жетектемей болду.