Экономист: Артем Новиков өзүнө саясий упай топтоп жатат (ВИДЕО)
Бишкекте 16-ноябрда Өкмөткө караштуу экономикалык реформалар боюнча кеңештин алгачкы жыйыны өттү. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун катышуусунда уюштурулган иш-чарада экономика тармагындагы бир катар маселелер талкууланганы өкмөттүн расмий сайтында кабарланды. «Акчабар» каржы порталы Артем Новиковдун ошол жыйында сүйлөгөн сөзүн талдаганга аракет кылды. Суроолорго экономист Кайрат Итибаев жооп берди.