Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев кайрадан Финполго суракка чакырылды

15 декабря 2020, 11:40

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финпол) кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу «Кабар» басылмасы укук коргоо органдарына таянуу менен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сарпашев суракка саат 10:00гө чакырылган.

Эскерте кетсек, Тайырбек Сарпашев Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерин кайтарып берген.