Бир жума ичинде Кыргызстандан 13 миң тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду

10 марта 2021, 11:00

Айыл чарба министрлиги алдындагы өсүмдүктөрдүн карантин департаменти дээрлик 12 миң тонна айыл чарба продукцияларына фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү алынып, ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуу шарттары жана сактоо эрежелери тууралуу тааныштырылды.

Жалпысынан 13 миң 220 тонна айыл чарба продукциясы текшерүүдөн өткөн.