Кыргызстан дагы бир эл аралык уюмдан акчалай жардам алат

16 апреля 2020, 10:45

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы пандемияга натыйжалуу күрөш жүргүзүү жана даярдыгын жогорулатуу үчүн Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан жеңилдетилген насыя алууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. ​


Маалым болгондой, керектелүүчү жардамдын көлөмү 12 млн 150 миң $ түзөт. Каражаттын жарым бөлүгү грант катары берилсе, жарымы 38 жылга чейин 0.75% үстөк менен насыя катары берилет.

Министрдин айтымында, бөлүнгөн каражаттар коронавирус илдетине чукул чара көрүү үчүн жумшалат. Тагыраагы, жеке медициналык коргонуучу каражаттарды алууга, транспорттук каражаттар менен камсыз кылууга, санитардык-карантиндик постторду жана лабораторияларды жаңылоого керектелет.

Учурда бул мыйзам долбоору добуш берүү үчүн үчүнчү окууга жөнөтүлдү.