Эл аралык террористтик уюмдардын финансисти кармалды

29 октября 2020, 10:00

Эл аралык террористтик уюмдардын финансисти кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, 25 жаштагы «ИН» аттуу Кыргызстандын жараны кармалган.

Кармалган адам, материалдык-техникалык камсыздоочу лидерлердин көрсөтмөсү боюнча, Сирияда согушуп жаткан бандиттик кошуундарга башка дагы адамдарды жөнөтүү үчүн акча чогултуп жүргөндүгү аныкталды.

Террористтик ишти каржылоо фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тийиштүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүрүп жатат.