Электр энергиясын төмөндөтүлгөн баада төлөөгө муктаждардын тизмеси аныкталат

10 февраля 2022, 12:35

“Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пулду алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо чаралары жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу боюнча Эмгек жана Энергетика министрликтеринин ортосунда биргелешкен буйрукка кол коюлду.

Документ республиканын райондорунда, облустарында көрсөтүлгөн электр энергиясынын тарифин алуучулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизүү үчүн муктаж болгон жарандарды аныктоого ыкчам чара көрүүгө өбөлгө түзөт.

Эске салсак, президенттин жарлыгынын негизинде республика боюнча 110 миңден ашык үй-бүлөдө жашаган 353 миң 835 баланы түзгөн “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар 1-январдан баштап айына 700 кВт саатка чейин колдонууда 1 кВт саат үчүн 50 тыйындан төлөшүүдө. Социалдык жардамдын мындай түрү 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө багытталган.