Эмдөө албаган балдар мектеп жана бала бакчаларга кабыл алынбайт

26 марта 2024, 09:20

Эмдөө албаган балдар мектеп жана бала бакчаларга кабыл алынбайт.

Санэпидем көзөмөл борборуна караштуу иммунопрофилактика бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Асыкбекова билдиргендей, өткөн жылы балдардын арасында кызамык жайылгандыктан, айрым мектептер, бала бакчалар жабылган учурлар катталган.

Мындан улам, Саламаттык сактоо министрлиги менен Санэпидем көзөмөл борбору санитардык буйрук чыгарды, ага ылайык, эмделбеген балдар мектептерге жана бала бакчаларга кабыл алынбайт.