Эмгек акысын ала албай жүргөн жаран 480 миң сомун төлөттүрдү

25 января 2024, 09:54

“Азвирт” ЖЧКсынын филиалы кызматкерге дээрлик жарым млн сом эмгек акысын кайтарып берди. Бул тууралуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Азвирт” ЖЧКсынын Кыргызстандагы филиалы С.Н.Ж аттуу жаранга эмгек акысын төлөбөй жаткан.

Жабырлануучунун арызынын негизинде Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору текшерүү жүргүзүшкөн.

Текшерүүдө жабырлануучуга 480 миң 322 сом эмгек акы төлөнбөгөндүгү, өлкөнүн Эмгек кодексинин 157-беренесинин талаптары бузулгандыгы аныкталган.

Тышкы аудиттин жыйынтыгы менен ишкана С.Н.Ж. аттуу жаранга 480 миң 322 сом эмгек акысын төлөп берген.

Белгилеп кетсек, ачык булактарда “Azvirt” ЖЧКсынын филиалы – жолдорду, магистралдарды жана аэропортторду куруу боюнча эл аралык азербайжан-немис компаниясы экени белгиленет. Кыргызстанда Евразия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Бишкек-Ош унаа жолунун 4-фазасынын Маданият-Жалал-Абад тилкесин реконструкциялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча иштеген.