Эмгек министрлиги 2023-жылы жумушсуздардын санын 7,7%га кыскартты

2 января 2024, 14:12

Жыл башынан бери активдүү чаралардын аркасында Министрлик жумушсуздардын санын 7,7%га кыскартууга жетишти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушсуздуктун жалпы деңгээли 0,4%га кыскарды.

“2023-жылдын январь айынан декабрь айына чейин 18,4 миң адам жумуштун ар кандай түрлөрү менен камтылган, 15,3 миң адам жумуш менен камсыз болгон”, - деп айтылат маалыматта.