Эми туристтердин ден соолугу камсыздандырылат

25 марта 2024, 14:20

Кыргызстанга келген туристтер медициналык камсыздандыруудан өтүшү керек. Бул тууралуу “Биринчи радиого” “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын Кыргызстанга келген туристтердин агымы көбөйүп, алар камсыздандыруунун маанилүүлүгүн билип калышты. Бул үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жаңы механизмдерди иштеп чыккан.

“Азыр туристтерди милдеттүү түрдө камсыздандырууну талап кыла баштадык. Кыргызстанда жайкы эс алуу гана эмес, кышкы туризм да жакшы өнүгүп жатат. Кандайдыр бир окуя болгон учурда мамлекет камсыздандыруу боюнча жардам көрсөтөт”, - деди Калдарбеков.