Энергетика министрлигине жаңы орун басар дайындалды

10 октября 2023, 10:50

Атабек Абылгазиев Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Белгилеп кетсек, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин Нарын электр тармактар ишканасынын башкы директору болчу.