Энергетикалык суусундуктарга тыюу салынышы мүмкүн

4 декабря 2023, 14:50

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды ташып келүү жана өндүрүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Тиешелүү документти Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда жактырды.

Белгиленгендей, мыйзам долбоору жарандардын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталган.