Эпидемиологиялык абал турукташса башка аба каттамдар дагы ачылат

23 сентября 2020, 16:50

Эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифингде билдирди.


«Эң көп кайрылуулар авиа каттамдарды жандандырылуусу боюнча келип жатат. Өткөндөгү брифингде 32 өлкөгө чек араны ачууга макулдук берилди. Анын ичинен өтө көп суралган: Орусия, Казакстан, Түрк Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары ж.б.Эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштерди күчөтөбүз», - деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.