ЕРӨБ Араван-Ак-Буура каналын модернизациялоого 19 млн евро берет

26 апреля 2022, 17:59

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргыстандагы каналдардын бирин жана калкты таза суу менен камсызоо үчүн Кыргызстанга каражат бөлүп берет. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов билдирди.

Шерипов белгилегендей, “Кыргыстанда климатка туруктуу суу менен камсыз кылуу” долбоорунун алкагында 19 млн евродон ашык каражат каралган. Насыя 15 жылга, анын ичинде 4 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө берилет.

“Долбоор Араван-Ак-Буура каналын модернизациялоого жумшалып, Араван районунун калкын таза суу менен камсыздоого багытталган”,- деди ал.

Белгилей кетсек, 25-апрелде Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети “Кыргызстанда климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык келишимдердин долбоорлорун карап, талкуунун жыйынтыгында аталган макулдашуулардын долбоорлору жактырылды.