ЕРӨБ автобус сатып алууга Кыргызстанга 25 млн евро бөлөт

16 марта 2022, 13:45

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 25 млн евро жеңилдетилген насыя берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду.

Маалыматка караганда, каражат автобус сатып алууга жана Бишкектин автопаркын оңдоого сарпталат.

Насыя эки транш менен бөлүнөт. Анын мөөнөтү 12 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү үч жыл.

Кошумчаласак, Бишкекке 2 миңге жакын автобус керек.