«Эркечтам» өткөрмө бекети 3 күнгө убактылуу жабылат

23 июня 2020, 11:00

«Эркечтам» өткөрмө бекети 25-28-июнь күндөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Аталган өткөрмө бекети Кытай тараптын демилгеси менен аларда «Ажыдаарлар кемеси фестивалы (күрүч майрамы)» майрамын белгилөөгө байланыштуу жабылат.

«Жүк ташуучу унаалар «Эркечтам» өткөрмө бекети аркылуу 29-июндан тарта өткөрүлө баштайт», - деп билдирет Чек ара кызматы.