Эркектердин ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык башталды

1 февраля 2024, 10:38

Кыргызстанда эркектердин ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

“Жооптуу бол!” деп аталган республикалык өнөктүк 18 жаштан жогоркулар арасында жугуштуу эмес оорулардын пайда болушуна алып келүүчү факторлорду аныктоого багытталган. Анын алкагында жүрөк-кан тамыр, рак, өпкө оорулары жана кант диабети текшерилет.

Белгилеп кетсек, 2022-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары бардык өлүмдөрдүн 52%ын түзгөн.