Комбанктар 52 млрд сомду түзгөн насыяга каникул берди (жаңыртылды)

15 апреля 2020, 16:00

Коммерциялык банктар жалпы суммасы 52 млрд сомду түзгөн насыяга каникул берди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө каникул берүү сунушу менен банктарга жалпысынан 46 миң кайрылуу келип түшкөн. Ага ылайык, Улуттук банк тарабынан бардык коммерциялык банктарга үч айга чейин насыя каникулун берүү жана туум өстүрбөө боюнча чечим кабыл алынган.

«Эгер үч ай ичинде насыяны төлөө мөөнөтү кечиктирилсе пайыздык ченге эч кандай айып кошулбайт. Жеңилдик берилген насыянын негизги суммасын жана үстөгүн төлөө кийинки мөөнөткө бөлүштүрүлөт», — деп айтты Эркин Асрандиев.