Эсептөө палатасы: мамкызматкерлер тарабынан 2,5 млрд. сомго каржылык бузуу аныкталган

15 июня 2020, 13:00

Эсептөө палатасы тарабынан 2019-жылы жалпы 141 аудитордук текшерүү жүргүзүп, анын ичинен 2,5 млрд. сомго барабар болгон каржылык эреже бузууну аныкталган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын өкүлү Улукбек Марипов 15-июнда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде билдирди.

Анын ичинен 1 млрд. 80 млн. сом калыбына келтирилүүгө тийиш экени, бүгүнкү күнгө карата анын 40% (415 млн. сом) ордуна коюлганы маалымдалды.

Марипов ошондой эле мамлекеттик бюджеттин резервдери жана жоготуулары былтыр 28 млрд. сомду түзгөнүн кошумчалады. Мунун ичинен 1 млрд. 45 млн. сому калыбына келтирилиши керек болсо, анын 63% (662 млн. сом) ордуна коюлду. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, өткөн жылы 2 млрд. сомдой каражат рационалдуу эмес пайдаланылган деп табылды.

Эсептөө палатасы Жогорку Кеңештин аталган комитетинде 2019-жылдагы иши жөнүндө берип жатат.