Эскертүү!!! Банк телефон же электрондук почто аркылуу персоналдык маалыматтарды сурабайт

28 января 2021, 08:40

Кыргызстанда алдамчылыктын саны күндөн күнгө өсүп жатат. Буга байланыштуу банктар союзу карталарга тийиштүү малыматты башкаларга таратпоону суранат. Бул тууралуу банктар союзунун сайтында жазылган.

Белгилеп кетүүчү нерсе, банктын кызматкерлери телефон же электрондук почто аркылуу персоналдык маалыматтарды сурабайт.

Ошондуктан банктар кардарларын этият болуусуна жана картадагы каражаттарды алуу жана толуктоо боюнча шектүү операциялар жөнүндө билдирүүлөргө көңүл буруу керектигин эскертишет. Эгерде сиз мындай учурларды байкасаңыз, анда тезинен банкка кайрылыңыз.