«Эти Бакыр Терексай» тоо-кен компаниясы ишин жандантты

15 декабря 2020, 16:30

«Эти Бакыр Терексай» тоо-кен компаниясы ишин жандантты. Ишкананын ачылышына Өнөр-жай, энергетика жана кайра иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев катышты.

Анын айтымында, азыркы учурда алтынды калыбына келтирүүчү фабриканын курулуш иштери жүрүүдө. Октябрдан тарта 650гө жакын кызматкер жумушу жок калышкан.

«Биз ар кандай багыттар боюнча инвесторлор менен тыгыз кызматташууну чечтик. Башкы багыттардын бири - тоо-кен тармагы. Дагы башка тармактарды талкуулайбыз. Ошондуктан, инвесторлордун колдоосу абдан маанилүү жана алар өздөрүнүн үйүндө жүргөндөй сезүүсү керек», — деп сөзүн жыйынтыктады Сагынбаев.

Мекеменин жетекчиси, мамлекеттик органдар Талас облусундагы Жерүйгө дагы барышарын белгиледи.

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы — ААК «Кыргызалтын» (25% үлүшү) жана турциялык «Эти Бакыр» (75% үлүшү) менен биргеликтеги ишкана. Терексай кени - бул Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай айылында жайгашкан, өлкөдөгү эң байыркы тоо-кен ишканаларынын бири.