Этникалык кыргыздарга берилүүчү кепилдик боюнча мыйзам кабыл алынды

25 января 2024, 09:25

Этникалык кыргыздарга берилүүчү кепилдиктер жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, күбөлүк мамлекеттик кепилдиктерди алуу үчүн социалдык макамын ырастоочу документ катары да колдонулат.

Белгилеп кетсек, бул мыйзам долбоорду 2023-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш кабыл алган.

“Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар катталган жана жашаган аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерден пайдаланууга укуктуу болот, мамлекеттик медициналык мекемелерге кайрыла алат, ошондой эле жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер тилкелерин пайдалана алат”, - деп айтылат маалыматта.