Евразия өнүктүрүү банкы инвестициялык портфелин 4.3 млрд долларга чейин көбөйткөн

13 июля 2020, 15:20

Евразия өнүктүрүү банкынын учурдагы инвестициялык портфели 25.6 пайызга – 4.3 млрд долларга чейин көбөйгөн. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Белгиленгендей, баланстык портфель 31 пайызга же 2.8 млрд долларга чейин өскөн. Портфелдеги эң чоң үлүштөрү бар мамлекеттердин ичине Орусия (45.7 пайыз) жана Казакстан (40.1 пайыз) кирет.

Былтыркы жылы инвестициялык портфелдин тармактык түзүмү өзгөргөн эмес – эң чоң үлүштөрдү энергетикадагы (21.1 пайыз), транспорттогу (18.9 пайыз) жана каржы (18.7 пайыз) тармактарындагы долбоорлор ээлейт.

Кошумчалай кетсек, банктын портфелиндеги интеграциялык долбоорлордун үлүшү бүтүндөй мааниден өтүп, 54.4 пайызды түзгөн.