Кыргызстан ЕТӨФнын гранттарын алууга кайрыла алат

5 августа 2020, 10:44

Евразиялык турукташтыруу жана өнүгүү фондунун Кеңеши кезексиз гранттык сынак жарыялады. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын сайтында айтылат.

Каржы министри Антон Силуановдун айтымында, фонддун кеңеши гранттарды каржылоо боюнча долбоорлорду чукул сынакттык тандоо чечимин кабыл алган.

«Каражат саламаттык сактоо системасынын муктаждыктарына жумшалат. Ошентип, фондго катышкан мамлекеттер коронавирустун чыгышына тез арада чара көрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү алышат», - деди Силуанов.

Ал кошумчалагандай, гранттар киши башына кирешеси аз өлкөлөргө берилет.

«Бул критерийге ылайык, Кыргызстан, Тажикстан жана Армения грант алууга арыз бере алышат», - деди Силуанов.