ЭКСПО-2021: Ишкерлер ички инвесторлорду көбөйткүсү келет
Бишкекте уюштурулган ишкерлердин ЭКСПО көргөзмөсү бул жолу пандемия шартына ылайыкташуу боюнча кызуу талкуулар менен коштолду. Анын алкагында, карантинге карабай иштин көзүн тапкан жергиликтүү өндүрүүчүлөр ой бөлүштү. Жыйынга жалпысынан 300дөй ишкер катышты.