Февралда берилген кепилдиктердин көлөмү 70% өскөн

11 февраля 2021, 10:00

Акыркы эки апта ичинде «Кепилдик фонду» тарабынан ишкерлерге 136 кепилдик берилген. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалат.

29-январга карата 33.5 млн сомго 40 кепилдик берилсе, 10-февралга карата берилген кепилдиктердин саны 176га жеткен.

Кепилдиктин жалпы суммасы 87.3 млн сомго жетти, фонддун банк-өнөктөштөрү аркылуу берилген насыянын көлөмү 281.3 млн сомду түздү.