2021-жылдын январь-февраль айларында КР экономикасы 9% жакын төмөндөдү

11 марта 2021, 13:30

2021-жылдын январь-февраль айларында өлкөнүн ИДПсы алдын ала баа боюнча 71 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин адистери билдиришти.


2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу ички продукция 8.9% төмөндөдү.


Кошумчалай кетсек, Кумтөр ишканасын эске албаганда, ИДПнын 2021-жылдагы январь-февралдагы көлөмү дээрлик 64 млрд сомду түзгөн жана 5.3% төмөндөгөн.