Финансы министрлиги быйыл бюджетке 47,5 млрд сом тартууну көздөөдө

1 апреля 2022, 11:46

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын Финансы министрлиги тыштан жана ичтен карыз алуунун эсебинен 47,5 млрд сом тартууну көздөөдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

2022-жылга бекитилген бюджеттин алкагында 47 млрд 481,5 млн сом суммасында каражаттарды тартуу каралууда, анын ичинен:

  • Мамлекеттик инвестициялык долбоорлор (МИП) - 2022-жылы тышкы булактардын эсебинен мамлекеттик инвестицияларды бюджеттик каржылоонун көлөмү 21 млрд 917,9 млн сомду түзөт.
  • Программалык (бюджеттик) жардамга Дүйнөлүк банктын программасынын алкагында 9 млрд 945,0 млн. сом кредиттик каражаттарды алуу күтүлүүдө, ж.б.
  • Мамлекеттик баалуу кагаздар (МБ) боюнча - 2022-жылга бюджетте мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруудан 15 млрд 618,6 млн сом суммасында каражаттарды кароо пландаштырылууда.