Финансы министрлиги бардык бош орундарга жарыяланган сынактарды жокко чыгарды

5 февраля 2021, 14:20

Кыргызстандын финансы министрлиги бардык бош орундарга жарыяланган сынактарды жокко чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен маалымдашкандай, сынактар ​өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жана анын түзүмүн өзгөртүү жөнүндө президенттин жарлыгынын негизинде жокко чыгарылган.

Белгилей кетсек, жаңы премьер-министр парламенттин колдоосу менен айрым министрликтер менен ведомстволор кайра түзүлүп, биригип жаткандыгын жарыялаган.