Финансы министрлигинин сактык эсебине 359 млн сом кайтарылды

10 сентября 2020, 11:50

КР Финансы министрлигинин Улуттук банкындагы сактык эсебине Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, бюджеттик негизде алган насыялардын 359.2 млн сомун кайтарды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин расмий сатында маалымдалат.

Андан сырткары, бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик январь-август айларында карыздардын 2,6 млрд сомун кайра кайтарган.