Финансы министрлиги ноябрда чыга турчу баалуу кагаздардын көлөмүн өзгөрттү

5 ноября 2020, 15:10

КР Финансы министрлиги 2020-жылдын ноябрь айында чыга турчу мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү өзгөргөндүгүн билдирет. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

5-12-ноябрда 200 млн сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт.

Андан сырткары, 6, 13, 20 жана 27-ноябрда 2.1 млрд сомдун ордуна 2.7 млрд сом баалуу кагаз жайгаштырылат.