Финансы полициясы 9 миллиард сомдук коррупциялык иштин бетин ачты

27 октября 2020, 12:30

Социалдык фонд жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери коррупциялык ишке аралашкан. Мунун кесепетинен бюджетке дээрлик 9 млрд сомго жакын зыян келтирилген, - деп айтылат финансы полициясынын берген маалыматында.

Маалыматка ылайык, тийиштүү кызматкерлер, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен материалдык пайда алуу максатында мыйзамсыз туруктуу схема түзүшкөн.

Андан сырткары, Кумтөр Голд Компани ЖАКга мыйзамсыз артыкчылыктар берилген. Мунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке кошумча эсептелген салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү түшкөн эмес.

Учурда бул иш кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине киргизилди.