Финкөзөмөл: «Талас Ордо» лотореясы мыйзамсыз ойнотулууда

12 апреля 2024, 16:38

"Тиктокто" ойнотулуп жаткан "Талас Ордо" лотореясы мыйзамсыз болуп саналат. Бул тууралуу Финкөзөмөл билдирди.

Маалымататка ылайык, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз лотереяларды бир нече жолу өткөрүүгө байланыштуу Финкөзөмөл жарандарды билет сатып албоого жана өлкө аймагында уюштурулган мыйзамсыз лотереяларга катышпоого чакырат.