«Фрунзе» гипермаркети эч кандай купон ойнотулбаганын расмий түрдө билдирди

12 октября 2020, 11:30

Кулактандыруу! «Фрунзе» гипермаркет тармагы (ЖАК "Партнер Кей Джи") расмий түрдө эч кандай ойнотулуш же сурамжылоо өткөрбөгөндүгүн билдирет.

Кечээ WhatsApp аркылуу «Фрунзенин» туулган күнүнө карата 12 миң сомдук купон таратылат деген контексттеги билдирүүлөр гипермарткеттин атынан таратылып жатты. Бул телефонго гана зыянын тийгизерин, эч кандай купон ойнотулбаганын Фрунзеден билдиришти.

Билдирүү анонимден же тааныш, туугандардын атынан келүүдө.

Телефондорду вирустан сактоо үчүн билдирүү аркылуу шилтемелерди колдонбоо сунушталат.

«Урматтуу достор! «Фрунзе» гипермаркети жаңылык жана башка таратылып жаткан белектер тууралуу маалыматты алгач расмий баракчаларга жайгаштырат! Мындан ары бул сыяктуу маалыматты эки ирет тактап алууңуздарды өтүнөт элек», - деп билдирди гипермаркет.