2020-жылга карата гемодиализ кызматы үчүн акы төлөөгө 682,7 млн сом каралган

27 апреля 2020, 16:10

2020-жылга карата гемодиализ кызматы үчүн акы төлөөгө 682,7 млн сом каралган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

«2020-жылга карата гемодиализ кызматы үчүн акы төлөөгө 682,7 млн сом каралган. 2020-жылдын январь айынан тартып гемодиализ кызматы 20 жеке менчик жаан 4 мамлекеттик ооруканада көрсөтүлөт. Бүгүнкү күнү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат базасында катталган 1 миң 234 бейтапка кызмат көрсөтүлүп келе жатат. Жыл башынан бери 235 млн сомго каржылоо болду», - деди ал.