Германия Кыргызстандагы агрофинансылык секторду өнүктүрүүгө 10 млн евро бөлдү

11 апреля 2022, 13:30

Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосунда агрофинансылык секторду колдоо үчүн 10 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Агрофинансылык кошумча нарк чынжырчасы, 2-фаза” долбоорунун максаты – тандалган коммерциялык банктар аркылуу техниканы жаңылоо жана заманбап технологияларды колдонуу үчүн жергиликтүү валютада узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык кредиттерин алууга фермерлерге жана ишканаларга көмөк көрсөтүү болуп саналат.