Германия Кыргызстандан жумушчуларды тартууга кызыктар

26 марта 2024, 14:35

Гамбургда өткөн саламаттыкты сактоо боюнча тегерек столдо германиялык компаниялардын өкүлдөрү саламаттыкты сактоо жана кары-картаңдарга жана оорулуу адамдарга кам көрүү тармагында квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилешип, Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууга кызыктар экенин билдиришти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тегерек столго Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын Германиядагы элчилери, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына квалификациялуу кадрларды тартууга, оорулууларга жана карыларга кам көрүүгө кызыктар бир катар германиялык компаниялардын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун катышуучулары мындай кызматташтыкты ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде немис тилин окутууга жана кесиптик даярдоого байланышкан маселелерди чечүү, Германияда квалификациялуу кадрлардын келүү жана болуу эрежелерин кеңири талкуулашты.