Германия Кыргызстанга жардам катары медициналык жабдыктарды жиберди

18 ноября 2020, 17:50

Бүгүн, 18-ноябрда Германия Кыргызстанга 30 аба-кычкылтек аралаштыргыч медициналык жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды жиберди. Бул тууралуу Ренспубликалык штабдан маалымдашты.

Жабдыктар белек катары жиберилген. Жабдууларды сатып алуу Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Герман эл аралык кызматташтык коому), КР Саламаттык сактоо министрлиги жана ДСУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан координацияланган.