Google Кыргызстанга салык төлөшү мүмкүн

11 июня 2020, 17:05

Кыргызтандын өкмөтү «Google`га салык» киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда салыктын бул түрү иштелүүдө, сунуштар бар.

«Россия, Өзбекстанда мындай салык киргизилген экен. Биз алардын тажрыйбасын изилдеп, сунуш киргизебиз», - дейт вице-премьер.